super.kg logo
  Саясат  

Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров министрлер кабинети “өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык” экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: