super.kg logo
  Саясат  

 Нурланбек Шакиев Бакуда Гейдар Алиевдин күмбөзүнө гүлчамбар койду 

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарындагы иш сапарынын алкагында башка өлкөнүн парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, андан соң иш-чаранын катышуучулары Гейдар Алиевдин өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышты.

"Быйыл Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Андыктан бүгүнкү иш-чарада улуу мамлекеттик ишмер тууралуу кеңири талкуу болуп, жыйындардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөрү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: