super.kg logo
  Саясат  

Япония Кыргызстанга 700 миллион йен грант бөлөт. Каражат кайда сарпталат?

 

Бүгүн, 16-майда өлкө башчы Садыр Жапаров 23-мартта Бишкек шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана Министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, гранттык макуулдашууда Баткен облусундагы унаа жолдорун авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялык жумуштарды аткаруу потенциалын күчөтүү каралган.

"Долбоордун алкагында 53 даана жол тейлөө жана жол куруу техникасын, ошондой эле жабдууларды, анын ичинде асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдор үчүн жабдууларды алып келүү каралган.

Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония Өкмөтү Кыргызстандын Министрлер кабинетине Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык 700 миллион япон йени (¥ 700000000) өлчөмүндө грант бөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-апрелде кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: