super.kg logo
  Саясат  

Төрага Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган мааракелик жыйынга катышты

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисине барып, аталган өлкөнүн жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган маарекелик жыйынга катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан бидиргендей, жыйынды Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова ачып, андан соң башка өлкөлөрдүн парламенттеринин делегация башчыларына сөз берилди.

"Өз кезегинде Нурланбек Шакиев Гейдар Алиев Азербайжандын гана эмес, мурдагы Совет өлкөсүнүн, бүткүл түрк дүйнөсүнүн соңку тарыхында терең из калтырган дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана саясатчы экенин белгиледи.

Ошондой эле улуу инсандын 100 жылдыгына байланышкан иш-чаралар Кыргызстанда да өтүп жатканын айткан төрага Жогорку Кеңеште дагы атайын маарекелик жыйын уюштурулганын маалымдады", - деп айтылат билдирүүдө.

Төрага Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын жана парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалына токтолгону кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: