super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бакиров: "Камчыбек Ташиевге таарынычым жок"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата таарынычы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.

Эл өкүлү атайын кызматтын башчысы менен өткөн жылдын 17-ноябрынан бери сүйлөшө электигин айтты.

"Андан бери жолуккан жокпуз, мен дагы аракет кылган жокмун. Ал күн өттү-кетти. Ага карата кек сактап же өч алам деген оюм жок. Ал окуяны ошондон кийин эле унуткам. Жүрөгүмдө бир нерсе калып калганда, өзүмдү-өзүм кыйнамакмын да. Андай саясатта болуп турат", - деди ал.

Мындан сырткары Бакиров ал жерде өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн талашпаганын белгиледи.

"Мен ошол жерге "канал курулуп калса, 50-60 миң гектар жерге суу жетип, канчалаган биздин дыйкандар суу менен камсыз болсо" деген ой менен суроо узатып жооп алайын деп жаткам, анан ушундай кырдаал түзүлүп калды. Мен дагы эмоцияга алдырып, айтчу сөздөрүмдү айта албай калдым", - деди депутат.

Ошондой эле ал өткөн күнгө эч качан өкүнбөй турганын билдирди.

"Жашоодо жакшы күн болобу, жаман күн болобу, айтор мунун бардыгы Алла Тааладан берилет. Ошол күн маңдайыбызга жазылган экен, болду. Маңдайга жазылган нерсе болот экен, андан качып кутула албайсың. Жакшылык-жамандык, сыноо, айтор бардык нерсени Алладан келди деп билем. Ошон үчүн эч кимге кек сактап, таарынып же тескерисинче кошомат кылбайм", - деди Бакиров.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Эске салсак, былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: