super.kg logo
  Саясат  

Япония өкмөтү Кыргызстанга 999 миллион йен грант берет

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 9-февралда Бишкекте кол коюлган Министрлер кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча эл аралык келишимди түзгөн Алмашуу ноталарын жана Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган долбоор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоо каралган, бул медициналык кызмат көрсөтүүгө негиз болуп, ошону менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.

"Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония Өкмөтү Кыргызстандын Министрлер кабинетине Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу укук өлкө-булактардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн 999 миллион япон йени (¥ 999,000,000) өлчөмүндө грант берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-апрелде кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: