super.kg logo

ТүркПАнын башкы кеңсесине кыргыз боз үйү тигилди

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 16-майдагы Азербайжанга болгон сапарынын алкагында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине Жогорку Кеңештин атынан боз үй белек кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн тигилиши жакшы саамалык экенин белгилди.

“Ак өргөөбүз - бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Андыктан бул жерден кыргыздын кылым карыткан тарыхы менен тааныштырылып, келгендерге бай маданиятыбыз тууралуу маалыматтар берилет деген ишеничтемин”, – деди Шакиев.

Муну менен катар тигилген боз үй боордоштуктун жана ынтымактын ордосу болсун деген тилегин билдирди.

Андан соң төраганын катышуусунда дарактардын көчөттөрүн отургузуу аземи өттү.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен баарлашып, ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алды.

Белгилей кетсек, ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишимдин негизинде Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн. Ал эми 2009-жылдын 29-сентябрында Ассамблеянын регламенти, катчылыгынын жобосу кабыл алынып, башкы кеңсеси Баку шаарына жайгаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: