super.kg logo

Юрий Бобковдун бутуна операция жасалат

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковдун бутуна операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Эл артистине байланышканда белгилүү болду.

"2019-жылдан 2021-жылга чейин 5 жолу операция болдум. Акыркы ирет Түркияда операция болгонумда дарыгер "Кийинки операцияга чуркап келесиз" деген эле. Тилекке каршы, тиземе коюлган темирлер кыйшайып кетиптир. Ага карабай 1 жарым жылдан бери майыптар арабасында отуруп иштеп жүрдүм.

Учурда Орусиянын Новосибирск шаарындабыз. Кызыбыз ушул ооруканада операция болгондуктан тааныштар аркылуу келип калдык. Себеби операцияны башка дарыгер жасаса, ал бейтаптарды кабыл алышпайт экен.

Буюрса, эртең, 18-майда ооруканага жатып, 22-майда операция жасалат. Алгач, бутума Түркиядан операция жасалган. 2-3 айдан кийин такыр ооруп бастырбай жаткан экинчи бутума операция жасалат.

Буга чейин операция кылууга эки ирет чакыруу келип, үчүнчүсүндө гана келдик. Себеби, каражат жетпей жатты. Досторум жардам берип, пайызга акча алдык. Уулум унаасын күрөөгө коюп, эртең акча салганы жатат.

Мындан сырткары, менин абалымдан кабатыр алып, Фейсбук баракчасына ден соолугум тууралуу жазып чыккан Замир Айылчиев аттуу иниме ыраазычылык билдирем", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Юрий Бобков 2015-жылдан бери тизе муун оорусу менен ооруп келет. Ал авто кырсык менен байланыштуу. Анда эл артисти эки тизесинен катуу жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: