Жогорку Кеңештин фракциялары акыйкатчылыкка үч талапкер сунуштады

Бүгүн, 17-майда парламенттин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңеш тарабынан акыйкатчылыкка үч талапкер сунушталды.
Алар:
- Жамиля Жаманбаева ("Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракциялары жана "Мекенчил" тобу)
- Кулира Кубатова ("Ыйман нуру" фракциясы)
- Бакыт Рысбеков ("Бүтүн Кыргызстан" фракциясы менен бир мандаттуу округдан шайланган Сеид Атамбаев көрсөттү)
Шайлоо бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилди.
Бирок жыйындын жүрүшүндө Кулира Кубатова өз талапкерлигин алганын билдирди. Учурда эки талапкер программасы менен тааныштырып жатат.
Белгилей кетсек, 3-майда парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

