super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Токаевди куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Боордош Казакстан дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркын арттырып, өнүгүү жолуна түшкөнү бизди абдан кубандырат.

Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасында жүргүзүлүп жаткан пландуу жана комплекстүү реформалар ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болуп берет, деп ишенем.

Кыргыз тарап достукка, ынак коңшулукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайт жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чоң маани берет.

Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, мамлекеттер аралык союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук жана алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: