Бишкекке көп жылдан бери керек болуп жүргөн жаңы техника алынды (фото)





Борбор калаага атайын техника алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди
Shantui SD22 - 15-тартуу классына таандык жана жөнөкөй Cummins дизелдик кыймылдаткычы менен жабдылган бульдозер.
Көп жылдардан бери полигондо заманбап техниканын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болгон.
Бул техника таштандыларды полигондо эффективдүү чогултат.
"Бульдозердин салмагы 23 тоннадан ашат. Аны 30 градуска чейинки эңкейиштерде иштетүүгө болот. Ошондой эле, ири техниканын кубаттуулугу 220 аттын күчүнө барабар", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.