super.kg logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү аял кармалды (фото)

 

Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Ш.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда 1-апрелде "Ош базардагы" соода борборлордун биринде анын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен Талас шаарына жана Казакстанга сатууга көмөктөшөм деген шылтоо менен салмагы 663 грамм, баасы 3 миллион 354 миң 700 сомду түзгөн зер буюмдарын ээлеп алып, изин жашырып кеткен "Т" аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү жазылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 1970-жылы туулган Б.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө зер буюмдардын бир бөлүгү алынып, далил катары кылмыш ишине тиркелген. Бул фактылар шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар же жоктугун аныктайт.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: