super.kg logo

Дмитриевкадагы атышуу: Өлтүрүлгөн жаран жашаган үйдө 18 чет элдик жаран дагы болгон

 

Чүйдүн Дмитриевка айылында болгон ок атышууда кылмышкерге кошуна батирди убактылуу ижарага алып жашаган 18 чет өлкөлүк жарандын документтери күйүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аким Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырган.

"Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Беларустун, калгандары Орусиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен. Орусия жана Беларусь элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат", - деп билдиришти райондук администрациядан.

Кечээ, 17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: