super.kg logo

АКШнын бир штаты TikTok'ко официалдуу түрдө тыюу салды

 

АКШнын Монтана штатында TikTok социалдык тармагына мыйзам тарабынан тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мыйзамга штаттын губернатору Грег Жанфорте кол койгон. Ал буга штаттын тургундарынын жеке маалыматтарын коргоо үчүн кол койгонун билдирген. Анын пикиринде, TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет.

Белгилей кетсек, АКШ Конгресси өкмөткө АКШга дос эмес өлкөлөрдөн келген TikTok жана башка ушул сыяктуу колдонмолорго тыюу салуу укугун берген мыйзам долбоорун кабыл алууга даярданууда. Жергиликтүү бийлик аларды улуттук коопсуздукка коркунуч катары көрүүдө. Алар буга чейин TikTok'ту өкмөттүк түзмөктөрдө тыюу салышкан.

Буга чейин дагы Жогорку Кеңеште Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабуу сунушу айтылган. Анда TikTok'ту жабууну депутаттар Надира Нарматова менен Жаныбек Кыдыкбаев айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: