super.kg logo

Жалал-Абадда адам уурдоого тиешеси бар жарандар кармалды 

 

Жалал-Абадда адам уурдоого тиешеси бар эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ал эми ушул жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонуу менен аны Лексус үлгүсүндөгү унаасына салып ээн жерге алып кетип калышкан. Шектүүлөр жайытта жабырлануучуну коркутуп, андан 12 миң доллар талап кылып, өздөрүнүн эсебине 630 миң рублдан ашык сумма котортуп алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандар кармалган. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1986-жылы туулган Э.М. (аты-жөнүн өзгөрткөн К.М.). Шектүү мурда Орусияда тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Экинчи жаран Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Т.Б. мурда бир нече жолу соттолгон, Кыргызстанда жана Орусияда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган жарандарга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: