super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев менен Александр Лукашенко жолугушту

 

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты.

Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экени белгиленди.

"Александр Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Анын ичинен коргоо жана коопсуздук жаатындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу маселелерине токтолду.

Ал муну менен катар уюмга мүчө мамлекеттерде өткөн шайлоо өнөктүктөрүнө байкоочу катары Парламенттик ассамблеянын миссиясынын катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу зарылчылыгын да кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: