Демөөрчүлөр Ысык-Көл милициясына Chevrolet Cobalt унааларын берди (фото)






Каракол шаарынын жана Түп районунун милициясына демөөрчүлөр тарабынан автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кечээ, 18-майда экиден жаӊы Chevrolet Cobalt автоунаалары Каракол шаарынын жана Түп районунун ички иштер бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүп берилди.
Иш-чарага башкармалыктын башчысы Орунбай Кочкоров, облустук милициянын бөлүм жана кызмат жетекчилери, ошондой эле демөөрчүлөр уюмунун өкүлдөрү катышышты.
Демөөрчүлөр унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, милициянын аткарган кызматын жогору бааларын жана укук тартибин, жарандардын, коомдун укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык иретинде автоунааларды беришерин баса белгилешти.
Облустук милициянын башчысы демөөрчүлөргө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, милиция ар дайым алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын ишендирип кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.