super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу Кытайдын Сиань шаарындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.

"Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду", - деп жазылат маалыматта.

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: