super.kg logo

"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

 
"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка мыкты 100 университеттин тизмесине кирген ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.
Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.
"Эл үмүтү" стипендиясынын максаты - кыргыздын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, "Эл үмүтү" стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.
Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк маалымат шилтемеде.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: