super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ван Хунин менен жолугушту  

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча пландар талкууланды.

Ван Хунин президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, ал эки тараптуу кызматташуудан тышкары көп тараптуу, аймактык кызматташтыкты дагы бекемдөө зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен белгиледи.

"Илим жана илимий-техникалык саясат чөйрөсүндөгү кызматташтыкка токтолуп, президент эки өлкөнүн илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү, Кыргызстандын окумуштууларынын квалификациясын КЭР илимий-изилдөө институттарында уюштуруу, ошондой эле экономиканын эң көп талап кылынган тармактарында илимий изилдөөлөрдү биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгүнө басым жасады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: