super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын вице-президенти менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) вице-президенти Тереза Червинска менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар ЕИБ менен Кыргызстандын ортосундагы энергетика, ичүүчү таза суу, ирригация, транспорт тармактары сыяктуу ар тараптуу кызматташууларды талкуулашты.

"Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын өнөктөшү экенин, өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Тереза Червинска өз ара кызматташуу ишенимдүү жана пайдалуу өнөктөштүктүн деминде чыңдала берээрин белгилөө менен ЕИБ Кыргызстан менен кызматташууга толук даяр жана кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана жогорулатууга чоң үмүт артышаарын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: