super.kg logo

Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын биринчи айымдары "Ису" театрына барышты 

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы "Ису" (Шэньси операсы) театрына барды.

Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган.

"Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо. Бул театр Сиянда элдер эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.

Биринчи айымдар Айгүл Жапарова, Пэн Лиюань жана Зироатхон Хошимованын жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өттү. Алар чоң кызыгуу менен театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын көрүштү. Ошол эле жерде Айгүл Жапарова Кытайдын жана Өзбекстандын биринчи айымдары менен биргеликте Цинь операсынын үзүндүсүн көрдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: