super.kg logo
  Саясат  

"500 автобус алып келинет". Президент Цзинань шаарындагы автобус чыгарган заводго барды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында "Zhongtong bus Holding Co., LTD" автобус чыгаруучу заводуна барды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, ал жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду.

"Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, кийинкиси - 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө. Жалпысынан кыргыз тарап борбордун транспорттук маселелерин чечүүгө багытталган 1000ден ашык заманбап, экологиялык жактан таза автобустарга ээ болот", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы жол куруу машиналары жана жабдуулары, өнөр жай машиналарынын көргөзмө аймагын кыдырып чыкты. Ошондой эле ал жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчилиги жана адистери менен баарлашты.

"Садыр Жапаров белгилегендей, автобустардын бул партиясы Бишкектеги транспорт каражаттары менен камсыздоо көйгөйүн чечет. Автобустар мурункулардай эле экологиялык жактан таза транспорт эсептелген газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик берди. Жыйынтыгында тараптар бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: