super.kg logo

Төрөбаев Чүйдөгү бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 20-майда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Төрөбаев Токмок шаарында эскирген дөңгөлөктөрдү жана желим буюмдарды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоору менен таанышты.

"Ал экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, заводду ишке киргизүүгө Министрлер кабинети максималдуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Андан ары Бакыт Төрөбаев “Кыргызцентрпродукт” ААКнын ишканасына барып, жашылча-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү процесси менен таанышты.

Маалым болгондой, ишкана 2010-жылдан бери иш алып барат, ата мекендик ири бренддерди кошуу менен 10 миң тоннадан ашуун жашылча-жемиш экспорттойт.

"Минкаб төрагасынын орун басары мындай ишканалар республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп санала тургандыгын белгилеп, мамлекеттик банктар жана өнүктүрү фондулары аркылуу мындай өндүрүштүн көбөйүшүн колдоого даяр экендигин билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш сапарынын соңунда Бакыт Төрөбаев Токмок шаарынын өнөр жай аймагынын абалы менен таанышты.

"Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, ар бир облуста кайра иштетүүчү өндүрүш аймактарын түзүү жана жүргүзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Ага ылайык, мамлекет инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана документтерди даярдоого байланыштуу жардам көрсөтүүгө милдеттенет.

Төрөбаев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн ата мекендик ишканаларды колдоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырып, өкмөт инвесторлор үчүн күнү-түнү ачык экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: