super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапары аяктап, Бишкекке келди

 

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Мамлекеттик сапарын баштап жатып, 18-майда Садыр Жапаров Сиань шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана ар кыл чөйрөдөгү долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүшүндө "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп жана аны ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Мындан тышкары мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан жана документтерге кол коюу аземинен кийин президент Садыр Жапаров КЭР бизнес-коомчулугу менен жолугушуп, аларга Кыргызстанда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Ошол күнү кечинде Мамлекет башчысы Биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу Си Цзиньпиндин Борбор Азия лидерлеринин мамлекеттик сапарларына арналган өлкө башчылары менен учурашуу аземине катышты.

Мамлекеттик сапардын кийинки күнү, 19-майда, Садыр Жапаров " Борбор Азия - Кытай" саммитинин ишине катышты, анын жыйынтыгында Сиань декларациясы жана бир катар көп тараптуу документтер кабыл алынды.

Андан ары Пекин шаарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушту.

Мамлекеттик сапардын акыркы күнүндө, 20-майда, Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Мамлекет башчысы буга чейин Бишкек шаарынын керектөөлөрү үчүн сатылып алынган, газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы чыккан “Zhongtong Bus Holding Co., Ltd” автобус заводунун иши менен таанышты. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өтүп, буга байланыштуу аталган маркадагы автобустардан 1000 бюджеттик каражаттарга сатып алуу чечими кабыл алынган. Алар Бишкек шаарына жеткирилет.

Ушул эле жерде, Кыргызстан үчүн миңдик партиянын бир автобусу салтанаттуу чыгарылып, тааныштырылды.

Андан соң Садыр Жапаров Шандунь провинциясынын Парткомунун катчысы Линь У менен жолугушуу өткөрүп, регион аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышыты.

20-майдын кечинде Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарын аяктап, президент Бишкек шаарына келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: