super.kg logo

Акаевдин талаштуу лекциясы: Депутаттар Политехтин ректоруна чара көрүү керектигин айтты  

 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Аскар Акаевдин университеттерге лекция өтөрү тууралуу маселени көтөрүштү.

Депутаттар бул маалыматты кескин сынга алып, лекция өткөнгө башка деле академиктер бар экенин билдиришти.

"Эмне сиздерде ошончолук билим деңгээл төмөн түшүп кеткенби. Же эмне сиздерде ошондой профессорлор, академиктер жок калдыбы?", деди депутат Айбек Маткеримов.

Өз кезегинде Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев Аскар Акаевдин тарапташтары тарабынан сунуш түшкөнүн, бирок университет толук кандуу жооп бербегенин билдирди.

"Аскар Акаевдин тарапташтары лекция уюштуруп бергиле деп кайрылган. Бирок биз 100 пайыз уюштуралы деп кепилдик берген эмеспиз.

Политехникалык университетте лекция өтөт деп биз тараптан эч кандай маалымат чыккан эмес. Лекция өтпөйт деп официалдуу маалымат бердик. Бирок саясатка университеттерди аралаштырбашыбыз керек. Студенттер окуу процесси менен алектениши керек", - деди Мирлан Чыныбаев.

Өз кезегинде Айбек Маткеримов ректорго чара көрүү керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: