super.kg logo

50 жашында эне статусуна ээ болгон супер модель Наоми Кэмпбелл 53 жашка толду

 

Бүгүн өткүрлүгү менен 15 жашында эле подиумду багындырган британиялык супер модель, ырчы жана актриса Наоми Кэмпбелл 53 жашка толду. Ал 1970-жылы 22-майда Лондондо төрөлгөн.

Болочоктогу жылдыздын апасынын түбү Ямайкадан болгону менен Англияда бийчи болуп иштеген. Наоми өз атасынын атын дагы билген эмес. Себеби апасы кызы төрөлө электе үй-бүлөсүн таштап кеткен адам тууралуу ага айткысы келген эмес. Топ-модель өгөй атасынын фамилиясын алып жүрөт.

Наоминин балалыгы апасы заманбап бий менен алектенген Римде өткөн. Кэмпбелл өзү дагы бий студиясына барган. Ал 8 жашка чыкканда Боб Марлинин "Is This Love" ырынын клибине тартылган.

14 жашында мектепти таштаган Наоми Кэмпбелл Лондондогу "Italiа Conti" окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Ошол убакта "Элит" моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдт аны кастингге чакырат.

Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, "Elle", "Time", "Vogue" журналдарынын биринчи беттерине чыгып, "Ralph Lauren", "Versace", "Dolce&Gabbana" фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт.

1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны "Дүйнөнүн эң мыкты модели" деп тапкан.

Наоми Кэмпбелл мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 30дан ашык тасмага тартылууга жетишип, "кара пантера" деп атыккан.

Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган "La, La, La, Love Song" сингли япониялык чартта 1-орунду ээлеген.

Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, Боб Марли сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.

Супер моделдин жүрөгүн багындырууга аракет кылган мырзалар өтө көп болгон. Бирок Наоми Кэмпбелл көпчүлүккө таанымал, ийгиликтүү мырзалар менен мамиле курган.
1980-жылдардын аягында модель мушкер Майк Тайсон менен мамиледе болгону айтылат.
Андан сырткары "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси, америкалык актёр Роберт Де Ниро менен мамиле курган.
2008-жылы орусиялык жеке ишкер Владислав Доронин менен мамиледе жүргөн. Түгөйлөр 2009-жылы баш кошуу алдында турганда Владислав Дорониндин мурдагы жубайы менен ажырашуу маселеси чечилбей, той жылдырылган. Бирок модель 2013-жылы сүйүү мамилесине чекит коюлганын жарыялаган.
2018-жылдан баштап кара терилүү модель 35 жаштагы Скепта каймана аты менен таанылган англиялык рэпер Жозеф Жуниор менен сүйүү романын курган.
Модель 2019-жылы 50 жашында биринчи жолу эне статусуна ээ болгон.
"Кичинекей периште мени эне катары тандап алды. Менин дүйнөмдө ушул назик жандын бар экендиги менен сыймыктанам. Дүйнөдө мындан өткөн чоң сүйүү жок", - деген ал.

Белгилүү болгондой, бул моделдин биринчи ымыркайы. Ал турмушка чыга элек.

Дайыма талкуу чордонунда жүргөн Наоминин кызы тууралуу дагы көптөгөн такталбаган маалыматтар айтылып келет. Анда моделдин кызы карын энеден төрөлгөнү айтылат. Бирок Кэмпбелл айтылган сөздөргө эч кандай комментарий бербей, жакында чыкчу китебинде бардык суроолорго жооп жазылганын билдирген.

22-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: