super.kg logo

Аскар Акаев үч жерде лекция окууну пландаган. Министр бардыгын жокко чыгарды

 

Экс-президент Аскар Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү министри Каныбек Иманалиев айтты.

"Азыр мага айтышты үч жерде так эмес белгиленген экен. Үчөө тең болбойт. Илимдер академиясында дагы, Техникалык университетте дагы, Улуттук университетте дагы. Үчөө тең биз менен макулдашылган эмес. 26сы жана 29уна белгиленген экен, үчөө тең болбойт. Чечим чыгарттык", - деди Иманалиев.

19-майда экс-президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен.

Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынып, депутаттар Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаевге чара көүү керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: