super.kg logo
  Саясат  

"Жардырып эле жибербейсиңерби". Депутат Военно-Антоновкада мектеп 12 жылдан бери бүтпөй жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 12 жылдан бери бүтпөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Жардырып эле жибербейсиңерби ошо мектепти. Башталганына 12 жыл болду, дубалы урап жатат. Эмнени карап жатабыз? 12 жылдан бери бүтпөгөн мектеп эми бүтөбү? Бир киши жок ал жерде. Бул боюнча канча маселе көтөрдүк, чоң маселелердин бири да. Сотко такабагыла. Былтыр мектепти бүтүргөнгө канча акча кетери, баары эсептелип чыккан. Эми кандай болот? Учурда Военно-Антоновкада бир мектепте 3500дөй бала окуп жатат. Балдар үйүндөгү 900 баланы да алып келдик, мектепке батпай жатышат. Жер амнистиясы менен жаңы 3000 үй салынат, дагы 10 миң бала мектепке келет. Аны кантип чечебиз?", - деди Аманкан Кенжебаев.

Ал эми Финансы министрлигинин өкүлү мектепти каржылоо маселеси чечилгендиги, учурда сот иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

"Биз бул объекттин каржылоо маселесин чечкенбиз. Болгону соттук териштирүү бүткөндөн кийин каржылоону улантабыз. Мамлекеттик курулуштун жумушу гана калган. Сот иштери болуп жаткан мезгилде каржылаганга мүмкүнчүлүк болбойт экен. Ишкананын жетекчиси СИЗОдо отурат", - деп жооп берди ал.

"Каржылай турган ишкананы жардырып жибериш керек. Эми анын СИЗОго киргени үчүн мектеп бүтпөй тура береби? Былтыр 50 миллион сом бөлбөдүк беле", - деди Кенжебаев.






Жогорку Кеңеш 22.05.2023

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: