super.kg logo
  Саясат  

Президент Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун башкы катчысын кабыл алды 

 

Бүгүн, 22-майда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга сапар менен келген Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын (КК жана ККЭФ) башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, анын алкагында Кыргызстан менен ККЭФтин өлкөдөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам жана социалдык колдоо боюнча жасалган долбоордук ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Джаган Чапагейнди экинчи мөөнөткө башкы катчы болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров 2022-жылы тоо экосистемасын сактоого багытталган Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясынын кабыл алынышын белгиледи.

Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга терс таасиринин күчөп бараткандыгын эске алуу менен ал табигый кырсыктардан келтирилген зыянды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын масштабын азайтуу боюнча алдын алуу чараларды көрүү жаатында ККЭФ менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент учурдан пайдаланып, өзгөчө COVID менен күрөшүүдө жана Тажикстан менен жаңжал маалында жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына көрсөткөн жардамы үчүн федерацияга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде башкы катчы Джаган Чапагейн Кыргызстанда ККЭФ ишмердүүлүгүндө климаттык күн тартибинин актуалдуулугун белгиледи, анткени бийик тоолуу өлкөлөрдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө караганда эртерээк жана курчураак билинет.

Ал ошондой эле мамлекет башчысына уюмдун Борбор Азия боюнча аймактык кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча кабыл алынган стратегиялык чечим тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар ККЭФ менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташуусуна даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: