super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин төрагасы жаңы дайындалган акыйкатчыны кабыл алды

 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы шайланган акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуунун алкагында төрага өлкөдөгү адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгиледи.

"Акыркы жылдары бул мекеменин ишине карата түрдүү пикирлер айтылып, ар кандай баа берилип келет. Анткени сизге жана кесиптештериңизге зор милдеттер жүктөлгөн. Тажрыйбалуу адис катары бардык ишти талаптагыдай аткарып, мекеменин аброюн арттырасыз деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатындагы маселелерге токтолуп, чет өлкөдөгү мекендештердин мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү көтөрдү.

"Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, тыкыр иликтениши керек. Өзгөчө кайсы тилде кайрылуу келсе, ошол тилде так, ыкчам жооп берүүгө жана документ иштерин мамлекеттик тилде жүргүзүүгө басым жасагыла", – деди Шакиев.

Өз кезегинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институттун ишин илгерилетүүгө багытталган иш-пландары менен бөлүшүп, алдыда жасала турган реформалар тууралуу сөз кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: