super.kg logo

Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат

 

Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Кытай тараптын демилгеси менен "Жибек жолунун алыскы шамалы" жана "Бишкек сүйүүсү" аталыштагы биргелешкен сериалдар тартылат.

"Жибек жолунун алыскы шамалы" сериалы 40 сериядан турат, бюджети 38 млн доллар. Тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат. Съемкалар Кыргызстан боюнча, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстанда да жүргүзүлөт.

Аталган сериалды Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кытайдын "Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd." кинокомпаниясы менен биргеликте тартат.

Ал эми "Бишкек сүйүүсү" аталыштагы экинчи сериал канча сериядан турары жана тартуу иштери качан башталары азырынча белгисиз. Долбоордун бюджети 25 миллион доллар. Сериал Кытайдын "Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co." кинокомпаниясы менен биргеликте тартылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен аталган эки кинокомпаниянын ортосундагы макулдашууларга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: