super.kg logo
  Саясат  

Орунбеков: "Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок"

 

Журналист Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде бир топ талкуулар жүрүп жатканын айтып буларга токтолгон.

"Анын ичинде Кошалиевди Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар.

Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен Элдик курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат.

Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз.

Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп эсептейбиз", — деди Орунбеков.

Мындан сырткары Кошалиевдин даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: