super.kg logo
  Саясат  

Анарбек Калматов, депутат: “Өкмөт мыйзам менен иштегенди качан үйрөнөт?”

 

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында Бишкекке дагы бир Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) куруу үчүн Кытайдан насыя алуу маселеси каралууда. Айта кетсек, бул ишке Кытай тарап 386 миллион доллар жеңилдетилген насыя берип жатат. Депутат Анарбек Калматов бул макулдашуу менен өкмөт мыйзамды бузуп жатканын айтты.   

“Биздин өкмөт мыйзам менен иштегенди качан үйрөнөт? Сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулуп жатпайбы. Насыяны алгандан кийин тендер жарыялап, андан утуп чыккан компания курушу керек болчу. Кытай тарап “силер кааласаңар да, каалабасаңар да биз жөнөткөн компания курат” деп жатат. Эптеп насыя алсак болду деп иштей бергенде болбойт да. Инвестициянын келишине каршы эмесмин, бирок иш мыйзамдуу жол менен жүрүшү керек да”,- деди Калматов.   

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: “Насыянын шарты ушундай. Биз аны аткарууга милдеттүүбүз”,- деп жооп берди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: