super.kg logo

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү 

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

"Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннель курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш шаарчысын жайгаштырууга жайлар даярдалууда. Көпүрө куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. Республиканын жылдык керектөөсү 17,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын түзүп, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө жана дефицит пайда болууда. Ошол себептүү, Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизилсе өүбүздүн муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда негизги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин баштоого чейинки даярдык иштери 2024-2025-жылдары аягына чыгарын тиешелүү уюштуруу комитети билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: