Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылуу жасады
Бишкек мэриясы ичүүчү сууну пайдалангандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бишкексууканал" ишканасынын маалыматына ылайык, учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270342 миңди түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 286 миң абонентти түзгөн. Ал эми жалпы жылдык өсүш 7 пайыз болгон.
"Жыл сайын ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү суунун көрсөткүчү кыйла жогорулайт. Анын негизинде ичүүчү сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу өтө маанилүү. Суу чектелген ресурс жана аны үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо керек" деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мекеме сууну үнөмдөө үчүн жарандарга керектүү кеңештер менен бөлүштү.
- Идиш жууп жатканда же тишиңизди жууп жатканда кранды өчүрүңүз. Крандагы тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет.
- Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаңыздын толук кубаттуулугун колдонуңуз. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.
- Эгерде сиздин үйүңүздө же турак жайыңыздын айланасында суу жөндөн - жөн агып жатса, аны оңдоо керек.
- Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.
