super.kg logo

Самарада баңгизат таратууга шектелип дагы бир кыргызстандык кармалды

 

Самара шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары баңгизатын таратып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

"Ыкчам кызматкерлер Самара шаарынында эки тургун, тагыраагы Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектениши мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө маалымат тастыкталды", - деп жазылат билирүүдө.

Аталган шаардын Киров районундагы май куюучу жайдын жанынан кармалган. Тинтүү учурунда алардын биринен ак түстөгү зат салынган баштыкча табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат жалпы салмагы дээрлик 310 граммды түзгөн героин экени аныкталган.

Кармалгандарга кылмыш иши козголду. Алар камакка алынып, учурда тергөө иштери уланууда.

Ушул жылдын 26-апрелинде Бишкекте жакындары Орусиянын абактарында отурган адамдар митингге чыгышты. Алардын көпчүлүгү жакындары баңгизатын тараткан деген шек менен кармалганын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: