Сузакта 23 жаштагы Розахан Розибаева дайынсыз болуп изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Розахан Розибаева изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын тургуну 2000-жылы туулган Розибаева Розахан Яхёевна 18-майда саат 10:00 чамасында тишимди дарылатып келем деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, акжумал, кашы, көзү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк (хиджап), бутунда ак түстөгү кроссовка.
Дайынсыз болуп жаткан Розахан Розибаева тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91 номерлерине байланышсаңыз болот.


