super.kg logo
  Саясат  

"Койго 100, бодо малга 250 сом". Токторбаевдин малдан салык алуу сунушу коомдук талкууга коюлду

 

Мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майдан тарта коомдук талкууга чыгарылды. Аны Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгеледи.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиси, 3 баш уй, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөчү болуп саналат.

Салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

- койлорго жана эчкилерге – 100 сом;

- бодо малга – 250 сом;

- жылкыларга – 250 сом.

Ошондой эле мал-жандыктарына салык төлөгөндөр жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулары айтылат.

Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт. Мындан сырткары, жер салыгына байланыштуу мыйзам долбоору дагы коомдук талкууга коюлду.

Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө 6 миллион 300 миң кой-эчки, 1 миллион 800 миңге жакын бодо мал жана 533 миң жылкы бар. Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда, алардын иш жүзүндөгү саны расмий маалыматтардан болжол менен 30 пайызга ашат.

Эске салсак, былтыр 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жеңишбек Токторбаев мал жандыктарын кармагандардан салык алууну сунуштаган. Буга себеп катары өлкөдө айыл өкмөттөрүнүн көпчүлүгү дотацияда отурганын билдирген.

Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 452 айыл өкмөтү бар. Алардын 80 пайызы дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: