super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Бишкекке дагы бир ЖЭБ курууга багытталган мыйзам долбоору каралууда

 

Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында Бишкекке дагы бир Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) курууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Бул үчүн Кытай тараптан 386 миллион доллар насыя алынганы жатат. Мыйзам долбоорун колдоого алуу керектигин депутат Өмүрбек Текебаев айтты. 

“Карыз алгандан чочуп турабыз, бирок стратегиялык мааниси бар иштер үчүн алсак болот. Жыл сайын Казакстандан 40 миллион долларлык көмүр сатып алабыз. Жаңы ТЭЦ жергиликтүү көмүргө ылайыкталып курулганы жатат. Бул тарыхый иш болгону турат. Карызды төлөөнү да көрө жатарбыз. Дүйнө өзгөрүп жатат, доллар менен евро ушинтип эле тура бербейт”,- деди Текебаев. 

Муну депутат Кожобек Рыспаев да колдоп “1957-жылы курулган ТЭЦ иштеп жатат, бирок абалы начар. Мыйзам долбоорун колдоп коёлу”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: