Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кабыл алып, бир катар тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, аскерлердин материалдык абалын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билиришти.
Маалымдалгандай, жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аскерлердин учурдагы абалы жана коопсуздук деңгээли боюнча отчёттору угулду.
Акылбек Жапаров күжүрмөн жана ыкчам даярдыктын натыйжалуулугун камсыз кылуу, аскердик тартипти чыңдоо, Финансы министрлигине бардык каралган беренелер боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоону тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

