super.kg logo

"Нурайымды аягына чейин күтөм" деген Биржан Байболдун концерти аншлаг менен өттү

 

Кечээ, 23-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында казак ырчысы Биржан Байболдун тушоо кесүү концерти аншлаг менен өттү. Ырчы мырза кыргыз элине "Кара кыз", "Жеңелер" жана ырчы Нурайым Акылбекова экөөнүн дуэт ырлары аркылуу таанылган.

Биринчи концерти ийгиликтүү өткөн Биржан Байбол маегинде концерттин аягына чейин Нурайым Акылбекованы күтөрүн айткан.

"Биринчи тушоо кесүү концертим аншлаг менен өтүп жатат, колдоп келген кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Ички сезимимди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес болуп турат.

Концертте кыргыз кызы менен дуэт аткарам. Бул да болсо казак-кыргыз дуэти сакталып калсын деген максатта. Албетте, Нурайымдын орду бөлөк, бул дуэттин орду бөлөк.

Нурайымды концертке чакыргам. Соңуна чейин күтөм. Келсе сахнага чыгарып, ыраазычылыгымды билдирип, чогуу ырдайбыз", - деген ал.

Белгилей кетсек, концертке конок катары Биржан Байболдун ырларынын сөзүн, обонун жазып берген ырчы Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.05.2023. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым кот экенсин.
24.05.2023. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым жакшына болуп барып ырдап келсен болмок,же ырдабасан деле барып кол чаап койсон, соонун парочка деп суктандым эле, бой которгон кыз окшойсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: