super.kg logo

Куудул Борончу Кудайбергенов: "Туулган күнүмдө 20 жылдык маараке алып барам" 

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов 57 жашка толду. Куудул мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, бул күнү Ошто 20 жылдык маараке алып бара турганын айтты.

"Туулган күндү өтө деле майрамдай бербейм. Тааныш, дос, туугандар чалып, жазып куттуктап жатышат. Азыр Ошко учам. Алай жергесинде 20 жылдык мааракени алып барам. Андан кийин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн атынан айылга акысыз концерт коём. Буюрса, туулган күнүмдү ошол жакта тосуп калат экенмин.

Эң биринчи албетте эртең менен келинчегим, балдарым куттутап, жумуштарына кетишти", - дейт ал.

Борончу Кудайбергенов 1966-жылы 24-майда Жумгал районунда төрөлгөн. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26 кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган.

1995-жылы Ырыс аттуу айымга үйлөнүп, 2 балалуу болушкан. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, аны 2008-жылы бүтүргөн.

Ал 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалында гран-прини жеңип, Мерседес жеңил автоунаасын утуп алган.

2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.

Куудул 2021-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө кеңешчи болуп иштеп жүргөн.

Ошол эле жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата Борончу Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы берилген.

Борончу Кудайбергенов куудулдук өнөрдөн сырткары, ырдап да келет. Анын аткаруусунда "Сага карай жол издейм", "Кечиккен махабат", "Кайдасың сен таба аламбы?", "Сен ыйлаба" ырлары бар.

24-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: