super.kg logo

Балдар үйүндө чоңойгон 18 жаштагы Айбек: "Апамды бир жолу көрүп кучактагым келет"

 

Бишкектеги балдар үйүндө чоңойгон 18 жаштагы Айбек ымыркай кезинде таштап кеткен апасын издейт. Анын кыялы апасын бир жолуп көрүп, бекем кучактоо.

"Мени апам төрөлгөндө эле таштап кеткен. Ушул убакка чейин үч балдар үйүндө жашадым. Карылар үйүнө алып баралы дегенде баш тарттым.

Мен өз апамды таап, кучактап, үй-бүлөм тууралуу сурагым келет. Апамды түшүмдө гана көрөм. Анда ал мага келип, сүйлөшөбүз, мен анын келгенине кубанам.

Менин апам тирүү болуш керек, аны табам деген үмүттөмүн. Бул мен үчүн жашоодогу эң чоң белек болмок. Менин оюмча ал жаш, сулуу жана таланттуу. Эмне себептен таштап кеткенин айтып түшүндүрсө аны кечирмекмин. Апа, мен сизди кечирем, бирок мени экинчи таштабаңыз деп айтмакмын. Буюрса, быйыл апамды табам. Аны таба албасам дагы башка жолун табам", - дейт ал.

Айбек 2014-жылдан тарта бир аз баса баштаган, ага чейин ал майыптар арабасында отуруп келген. 2016-жылы операция болгондон кийин өз алдынча басып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: