super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

 

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон 2 күндүк иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш сапарынын алкагында 24-майда мамлекет башчысы Москвада «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча суроолорго жооп беришти.

Эртеси, 25-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйыны өттү. Бирликтин алкагында соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан аркы интеграция маселелери талкууланды" деп айтылат маалыматта.

ЖЕЭКтин жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

25-майдан 26-майга караган түнү Орусиядагы иш сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: