30-майга карата аба ырайы
30-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Нарын дубанында түнкүсүн +2…+9, күндүз +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.