super.kg logo

Милиция Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабына тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кетти

 

28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча кезексиз шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары 30-майга караган түнү тинтүү иштерин жүргүздү.

Бир катар ЖМКлар маалымдагандай, Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүлөрү штабдын эшигин жаап, мөөр басып кетти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тинтүү иштери социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу. Ал видеодо бир аял (үнү Ниязалиеваныкына окшош) Роман аттуу адам менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Бишкек шаардык милициясы тинтүү тууралуу расмий маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.05.2023. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичи таар, көрө албастар бул аялдын утуп чыгарын күтүшкөн эмес. Эми минтип ичтери күйүп, өздөрү видео жасап чыгарып, ошону шылтоо кылып жатышат
30.05.2023. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl27 баарын тергөө жана сот чечет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: