super.kg logo

Дамира Ниязалиева добуш сатып алганбы? БШК материалдарды милицияга өткөрүп берди

 

Кечээ, 29-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Координациялык ыкчам чара көрүү тобу шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө мурда түшкөн билдирүүлөрдү жана жаңы келип түшкөн арыз даттанууларды кароо боюнча ишин улантып жатат.

"Аудио жазууда болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиева У.Р. аттуу бирөө менен сүйлөшүп жатып, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатканын угууга болот.

Материалдар дароо текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта 29-майга чейин БШКнын Координациялык ыкчам чара көрүү тобуна мыйзам бузуулар тууралуу 12 арыз даттануу келип түшкөн. Алардын бешөө шайлоого даярдык көрүү мезгилинде болсо, калган жетөө шайлоо күнү жана андан кийин катталган.

Келип түшкөн арыздардын, кайрылуулардын жана даттануулардын мүнөзү:

- шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча - 6, алардын үчөө текшерилүүдө;

- шайлоо алдындагы үгүт иштеринин талаптарын бузуу боюнча - 4, алардын экөө текшерилүүдө;

- шайлоочуларды ташуу мүмкүндүгү жөнүндө - 1, ал каралды;

- фотофиксация жөнүндө - 1, ал каралды.

БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын карайт.

Белгилей кетсек, 28-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2023. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: