super.kg logo

Биринчи айым балдарга арналган интерактивдүү фестивалга катышты  (фото)

 

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 30-майда Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган "Алтын Казык" интерактивдүү фестивалына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчи айым өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

"Бул иш-чаранын мааниси чоң. Анткени бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өздөрүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт. Мээримдүү үй-бүлө - баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы", - деди ал.

Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды.

Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.

"Алтын Казык" фестивалын "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду "Супара" этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган.

Фестивалдын максаты - улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: