super.kg logo

D Billions тобу дүйнөлүк концерттик тур уюштурууну пландоодо

 

D Billions чыгармачыл тобу дүйнөлүк концерттик тур уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы чыгармачылык топту өлкөнүн чоң сыймыгы катары белгиледи.

"Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды — азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү", — деди Акылбек Жапаров.

“D Billions” командасынын мүчөлөрү Жапаровго Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алдыдагы чыгармачылык пландары менен бөлүшүп, атап айтканда, кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турун өткөрүү тууралуу бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” “D Billions” командасын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Мындан сырткары чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.

D Billions каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: